Биз жөнүндө

Мектептин тарыхы

1888-1890 жылдары Сооронбай уулу Дүр Сайлык айылына Улуу Жибек жолунун боюна мектеп салдырат.Алгач Тынай деп аталган мектепте окуу арабча жүргүзүлгөн.Кийинки окуу жылында кыргыз балдары үчүн окуу  орус тилинде сабак өтүлө башталган.1906-жылы И.В.Понамарев мектептин башчысы болуп кеткен.1909-жылдан баштап мектепте чоң кишилердин кечки курсу ачылган.Дүрдүн замандаштары ушул мектептен билим алган.Алар Тоголок Молдо,Белек Солтонов,Ишенаалы Арабаев,Осмонаалы Сыдык уулу,М.В.Фрунзе. Алгач мектеп салынгандан туура 100 жыл өткөн соң 1989-жылы заңгыраган үч кабаттуу кенен мектеп салынган.Мектепке Сооронбай уулу Дүрдүн ысымы ыйгарылып,айкели орнотулган.Мектепте Дүрдүн музейи уюштурулуп,акын-жазуучулардын сүрөттөрү,кол өнөрчүүлук көргөзмөсү,белгилүү инсандар жана ардагер мугалидердин иштери коюлган.Учурда 30 мугалим,15 кенже кызматкер,үч айылдын окуучулары окуп тарбияланууда.Спорт зал,теннис зал,8 автордук кабинет,актовый зал,музей,китепкана,ашкана,лабораториялар,мектепке чейинки даярдоо классы,информатика кабинети,усулкана,пандус,алма бак жана спорттук аянтча бар.Проект,демөөрчүлөр менен мыкты иш алып барып келет.Мектептин сайты,ютуб каналы иштейт.Мектеп жылдан-жылга заманбап жабдылып,өнүгүп,баланын саны өсүп,бүтүрүүчүлөрү чет өлкөдө жогорку билим алып жатышат.

 

Эмблема

Биз жөнүндө

Мектептин максаты

«Мугалимдин санариптик билимин жогорулатуу менен окуучулардын билим сапатын көтөрүү  жана патриоттуулукка тарбиялоо»

 

Мектептин миссиясы

«Сооронбай уулу Дүр атындагы орто мектеп жалпы орто билим берүүчү мекеме болуу менен бирге,башталгыч,негизги жана жалпы билим берүүгө багытталат.

Ата-энелер,коомчулук менен тыгыз байланышта иштөө менен азыркы коомдун талабына ылайыктуу жашоодо өз ордун таба билген,ар тараптан өнүккөн инсанды тарбиялоо.»

 

Вы можете дать больше информации, так как это редактируемая страница сайта

На этой странице возможно добавить:

  • Текст
  • Фото / Видео / Документы
  • Таблицы
  • Списки
  • Ссылки
  • Разные цвета