Арис проектисине терең ыраазычылык
Сайлык айылындагы Сооронбай уулу Дүр атындагы орто мектебинде 480 окуучу билим алышууда, 20 класс комплект, окутуу эки тилде кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлөт. Мектепте 28 мугалим үзүрлүү иштеп,окуучуларга таалим тарбия берүүдө.
Мектеп эл аралык уюмдар,фонддор менен иш алып барып,мектептин окуу жана материалдык техникалык базасын чыңдоодо.Бул жылы бизге АРИС уюмунан 1 миллиондон ашык акча каражатына Сайлык айыл өкмөтү тарабынан дем берүүчү грантка проект жазылып, 7 компьютер 2 принтери менен, 3 интерактивдүү доска, 2 планшет панель алынып, орнотулуп берилип, окуучуларга кызмат кылууда.
Биздин мектеп үчүн ушундай мектеп куралдарынын келиши чоң жетишкендик жана окуучулардын сабака болгон кызыгуусун арттырууда. Заманбап технологиялары менен иштөө мугалимдер үчүн зор өбөлгө түзүүдө.
АРИС проектисине мектеп окуучуларынын келечеги үчүн тартуулаган белектерине, жалпы мектеп педжамаатынын атынан терең ыраазычылык билдиребиз!!! АРИС проектисинин келечеги өркүндөп өсүшүнө чын жүрөктөн тилектешпиз. Албан ийгиликтерди каалайбыз.
Комментарии