Пайдалуу маалыматтар

Менталдык арифметика.Шар окуу.

Урматтуу ата-энелер ! 2022-2023-окуу жылында сиздердин балдарыңыздар үчүн мектепте менталдык арифметика жана шар окуу уюштурулду.

Менталдык арифметика -биздин келечегибиз болгон балдардын билим денгээлин арттыруудагы эң мыкты усулдардын бири экенин адистер белгилешет.Менталдык арифметиканын пайдалуу жактарын көргөн адистер,педагогдор,ата-энелер сөздүн түз маанисинде байланып калды деп айтсак болот.Негизинен менталдык арифметика деген эмне?Кайдан,качан келип чыккак?Балага кандай таасир калтырат,кандай шык-жөндөмгө ээ боло алат?

Менталдык арифметика-оозеки тез эсептөөнүн негизинде түзүлгөн балдардын интеллектуалдык жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүчү уникалдуу усул болуп эсептелет.Бул окутуунун ыкмасынын негизинде баалуулугу балдардын мээсиндеги эки жарым шарчасын өстүрүү менен бирге аларды ар тараптуу өнүктүрүү.

Бул усулдун бала үчүн пайдалуулугу

-Мээнини эки жарым шары бир мезгилде иштейт,мындай ыкма башка методикаларда жок.Бала образдуу ой жүгуртүп,эс тутуму жогорулап,элестетүү күчтүүсү болот.

-Маселелерди стандарттуу эмес ыкмалар менен чечүүгө үйрөнөт.Интуицияны,чыгармачылык жана интеллектуалдык жөндөмдөрү өсөт.

-Көңүлдүү бир нерсеге топтоп,өжөрлүк менен тырышып эмгектенет.Башка окуу предметтерди,чет тилдерди тез өздөштүрө баштайт.

-Чечимдерди тез кабыл алганга үйрөнүп,лидерлик сапат калыптанат.Өзунө болгон ишеним жана өз алдынчалык өсүп,ийгиликтүү окуучу,кийинки коомдогу ийгиликтүү,активдүү жаран болуу мүмкунчүлүгү максималдуу жогорулайт.

 

Вы можете дать больше информации, так как это редактируемая страница сайта

На этой странице возможно добавить:

  • Текст
  • Фото / Видео / Документы
  • Таблицы
  • Списки
  • Ссылки
  • Разные цвета